Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:04

Кореялык компания паспорт чатагы боюнча кыргыз өкмөтүнө доомат койду


БИШКЕК. Кыргызстан атуулдары үчүн буга чейин паспортторду жасоо менен алектенип келген кореялык “Венчур Си енд” компаниясы 19- декабрда билдирүү жасады. Анда жаңы технология менен европалык стандарттарда иштеп аткан компания экенин эскертип, кыргыз өкмөтүнүн келишимди бир тараптуу токтотушуна нааразылык айтылган. Эскерте кетели, кыргыз өкмөтү кореялык компания менен түзүлгөн келишимди токтотуп, андан мурда кызматташкан молдовалык Регистру компаниясы менен кайрадан келишим түзгөн. Кореялык компания мунун чакан чөйрөнүн бизнес кызыкчылыгы катары баалайт. Ал эми паспорт маселеси жүктөлгөн “Тхенология жана маалымат ресурстары боюнча департаменттин башчысы Амангелди Кенжетаев билдиргенге караганда, келишимди токтотууга “Венчур си Енд” келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө ишти бүтүрө албагандыгы башкы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG