БИШКЕК. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин мурдакы жетекчиси Александр Костюктун үстүнөн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев 19-декабрда “Азаттыкка” билдирди:
-Австралиядан алынган кочкорлордун бирөөнүн баасы үч миң доллар. Бул жерге жеткирилиши менен беш миң доллар болуптур. Анан эми, конкреттик түрдө кимиси күнөөлүү экендиги азыркы жүргүзүлүп жаткан тергөө иликтөөсүнөн кийин билинет.
Башкы прокуратура 1998-жылы Кыргызстанга Австралиядан алынып келинген жалпы баасы 1 млн. 300 миң долларлык 690 баш кочкорду Айыл, суу чарба министрлиги фермерлик чарбаларга кайтарым иш чарасын карабастан таратып берген деп айыптоодо. Ошондой эле аталган министрликтин жайыттар дерпертаментине 2000-жылдан 2004-жылы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн бир млн. сом канчалык мыйзамдуу жумшалгандыгы иликтенүүдө.