БИШКЕК. 19-декабрда парламент жыйынында депутат Кубатбек Байболов дүйнө жүзүндөгү президенттик-парламенттик башкаруу системасын тандап алган мамлекеттердин экономикасы өнүкпөй, саясий кризиске учурганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын тез аранын ичинде өнүгүүсү үчүн парламенттик башкаруу формасына өтүү зарыл. Байболовдун пикиринде 2003-жылы кабыл алынган баш мыйзамдын жаңы редакциясы өлкөнү кризиске учураткан:
- Аскар Акаев калтырып кеткен 2003-жылдагы Конституциянын жаңы редакциясын реабилитациялоо иш чарасы башталды. Атүгүл үй комитеттери кол чогултуп жүрүшөт дейт. Бул Конституциянын бизди кризиске белчеден батырганына кимдин көзү жетелек?
Парламенттик башкаруу формасына өтүүгө азырынча эрте деп депутаттардын бир бөлүгү каршы болууда. Алардын жүйөөсүндө Кыргызстандагы саясий партиялар даяр эмес.