БИШКЕК. 20- декабрда өкмөт үйүндө премьер- министр Феликс Кулов жана министрлер ант беришет. Бул салтанатка президент Курманбек Бакиев жана парламенттин депутаттары катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрүнө парламент октябрь айында макулдук берген. Өкмөттүн азыркы курамында 13 министрлик, 2 мамлекеттик комитет бар.