Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Ооган парламенти чогулду


Ооганстанда парламент соңку 30 жылдан ашуун мезгил ичинде алгачкы ирет чогулду. 1973-жылдан бери алгачкы ирет өткөн парламент сессиясында Ооганстандын президенти Хамид Карзай ант берип, согуштан баш көтөрүп келаткан өлкөнүн келечеги үчүн бул күндүн маанисин белгиледи: “Бул жер миңдеген жылдардан бери согушуп келди жана түбөлүккө сакталат. Конституцияга ылайык ооган элинин ардактуу өкүлдөрүнөн куралган улуттук жыйын, конституцияга ылайык өкмөттүн өзөгү түзүлдү”. Президент Карзай депутаттарды ич ара араздашуудан оолак болууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG