Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчилигинин айтымында, абакта кармалган мурдагы Ирак өкмөтүнүн сегиз мүчөсү бошотулду, анткени алар азыр мамлекетке коркунуч түзбөйт. Анткен менен башка маалыматтарга караганда, бардыгы болуп 24 адам боштондукка чыкты. 15-декабрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарыла элек, бирок алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүк аймактарында шийи уюмдары, ал эми түндүктө күрд партиялары колдоого алынды. Сунни мусулмандары бир гана аймакта - Салахуддин провинциясында уткан сыяктуу.