Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Президент Буш: АКШнын коопсуздугуна дале коркунуч бар


АКШ президенти Жорж Буш чалгындоо кызматтарына террорчу деп шектелген адамдарды соттун өкүмүсүз эле тыңшоого уруксат берген жарлыгын өзгөртпөсүн билдирди. Бул тажрыйба, “Америка жарандарын өлтүрүүнү каалаган душмандардын коркунучу бар кезде”, улантыла берет деди Буш кечээ Вашингтондо. Ал, ошондой эле, Конгресстен Патриоттук акт мыйзам топтомдорун узартууну өтүндү. Буштун сөзүнчө, бул акт 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай чабуулдардын алдын алууга зарыл болду.

XS
SM
MD
LG