Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:44

Ирактык суннилердин саясый блогу санактын жыйынтыгына макул эмес


Ирактык суннилердин эң ири коалициясы, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин, парламенттик шайлоо Багдадда калыс өтпөдү деп, добуш берүүнү кайра өткөрүүгө чакырды.
Кайрылууну Улуттук элдешүү майданы деп аталган коалициянын төрагасы Эднан Дулайми жасады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шииттердин Бирдиктүү Ирак альянсы Багдадда 59 процент, ал эми суннилер коалициясы 19 процентке жакын добуш алган.

АКШ аскерлери Саддам Хусейндин өкмөтүнүн жооптуу сегиз кызматкери абактан бошотулганын, алар өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч туудурбасын маалымдашты. Кабарга караганда, абактан чыккандардын экөө Саддамдын биологиялык программасында иштеген аялдар.

XS
SM
MD
LG