Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Жаңы паспортторду таануу боюнча 180 мамлекетке сунуш жолдонду


БИШКЕК. Молдованын президенти мамлекет башчы Курманбек Бакиевге телефон аркылуу кайрылып, паспорт чыгаруу маселесин мыйзам чегинде чечүүнү өтүнгөн. Паспорттогу символикалар оңдолуп, Молдованын «Регистру» компаниясы Кыргызстандын атуулдары үчүн учурда жаңы паспортторду чыгарууда. Паспортко муктаж 370 миң атуулдун 3700 паспорт менен камсыздалды. Кыргызстандын жаңы паспортторун таануу боюнча 180 өлкөгө сунуш жолдонду. Бул тууралуу Технология жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаев 20-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында жаңы паспортторду чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын “Венчур Си енд Плаза” компаниясы тендерди утуп алып, эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок келишимде көрсөтүлгөн 32 күндүн ичинде Түштүк Кореянын компаниясы паспорт чыгаруу ишканасынын жабдыктарын кечиктирип, паспорттун жаңы үлгүсүн убагында сунуш кылбагандыктан Технология жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиги келишимди токтотуп, кайрадан Молдованын «Регистру» компаниясы менен иштеше баштаган. Кенжетаев ошондой эле биометриялык үлгүдөгү дүйнөлүк стандарттагы жаңы үлгүдөгү паспортторду чыгарууга Кыргызстандын учурда мүмкүнчүлүгү жок экендигин белгиледи.

Ал эми Түштүк Кореянын Кореянын “Венчур Си енд Плаза” компаниясынын өкүлдөрү 19-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, келишимди бузууга чакан чөйрөнүн бизнес кызыкчылыгы бар экендигин, «Регистру» компаниясынын чыгарган паспорттору эл аралык стандартка жооп бербестигин билдирген.

XS
SM
MD
LG