Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы жакшырдыбы?


Бишкек. Кыргызстанда март окуясынан кийин адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын деңгээли жогорулады. Бул тууралуу эл аралык «Фридом хауз» укук коргоо уюмунун «Эркин дүйнө 2006» аталыштагы иликтөөсүндө айтылган. Анда белгиленгендей, Кыргызстанда ушул жылдын июль айында өткөн президенттик шайлоо жараянынын жүргүзүлүшү эл аралык стандарттарга жакындады. Иликтөө материалдарында ошондой эле экс-президент Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалынын жакшыргандыгы, митинг, пикеттерге тоскоолдуктар мурдагыдай көрсөтүлбөй калгандыгы жөнүндө да айтылган. Эл аралык укук коргоо уюму ошону менен бирге Кыргызстанда бир катар тармактардагы, алардын ичинде сот, коопсуздук, коррупция жана башка тармактардагы абалды жакшыртуунун жана конституциялык реформаны жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилейт. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдарынын пикиринде да марттан кийин өлкөдө адам укуктарынын сакталышынын, сөз эркиндигинин абалы жакшырды. Бирок, мындай өзгөрүүлөр болгон жок деген да пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG