Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Бишкекте нааразылык акция өттү


Бишкек. 20-декабрда Бишкекте Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акция өттү. Мындай акцияга казакстандык жаш саясатчылар Азамат Жетписбаев, Владимир Боровиков жана Кыргызстандагы «Кел-кел», «Бирге» жаштар уюмдарынын өкүлдөрү чыгышты. Алар «Казакстанда саясий куугунтуктарга жол берилбесин!», «Махамбат Абжандан колуңду тарт!» деген плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер учурда Бишкекте абакта жаткан оппозициялык көз караштагы жаш саясатчы Махамбет Абжандын Казакстанга өткөрүп бербөөнү кыргыз бийлигинен өтүнүштү. Азамат Жетписбаевдин айтымында, аны менен Махамбет Абжан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкандыгы үчүн куугунтукталышууда. Ал эми казак элчилигинин өкүлү Төлөгазы Уйхунбаев пикетчилерге чыгып, куугунтукка алынып жаткан казак атуулдары тууралуу кабары жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG