Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Ооганстандагы НАТО аскерлеринин саны көбөйтүлөт.


Бириккен Улуттардын Ооганстандагы өкүлү Жан-Мари Гүхенно кечээ күнү билдиргенге караганда, жакын арада НАТО аскерлери Ооганстандагы аракеттерин кеңейтет, ал эми айрым америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылып кетет. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, азыр Ооганстанда 19 миң америкалык аскер бар, алардын үч миңи жакында өлкөдөн кетет, ал эми НАТО аскерлеринин саны тогуз миңден 15 миңге чейин көбөйтүлөт.

XS
SM
MD
LG