Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Алманияда тергөөгө кабылган өзбек министри өлкөдөн чыгып кетти.


Алманияда дарыланып жаткан өзбек ички иштер министри Закир Алматов өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Ал ооруканада жаткан учурда адам укуктарын коргогон бир нече эл аралык уюмдун талабы менен ага каршы Алманияда тергөө башталган, ал уюмдар министрди - Анжиян окуялары учурунда карапайым калктын кырылганы үчүн жооптуу деп чыгышкан. Рак менен ооруган Алматовдун адвокаты Вольфганг Калектин айтымында, министрдин дарылануусу аяктады, бирок ал Алманиядан качан кеткенин адвокат айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG