Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Борбор Азияга көбүрөөк каражат жумшайт.


Кечээ күнү Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жетекчилиги уюмдун эмдиги жылкы бюджетин бекитти, ал 168 миллион 200 миң евро болот. Быйылкы бюджеттен бул анча-мынча аз, анткен менен уюм өзүнүн Борбор Азиядагы аракеттерине быйылкыга караганда бир миллион евро көбүрөөк бөлүүнү чечти. Жалпы адам укуктар маселелери менен байланыштуу программаларга болсо быйылкыга караганда эки миллион евро көп жумшалат. Уюмдун жалпы саясаты менен макул болбогон Орусия бюджетке мурдагыдан аз акча төлөмөй болду, бирок АКШ, Алмания, Британия, Италия жана Франция мурдагыдан көбүрөөк салым кошууга макул болду.

XS
SM
MD
LG