Бүгүн Багдад шаарында Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы сот улантылат, Анын адвокатынын айтымында, Саддам сотко келет. 7-декабрдагы сот жыйынына ал келбей койгон. Саддамга каршы көптөгөн күнөө коюлган. Азыркы сот болсо алардын бири боюнча гана жүрүп жатат жана мурдагы президент күнөөлүү деп табылса өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.