Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Ирак оппозициясы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныгандан баш тартууда.


Таңкы жаңылыктар

15-декабрда Иракта өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын өлкөнүн сунни оппозициясы тааныбай турганын билдирди жана жакында жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн. Суннилердин айтымында, добуш берүү учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Өлкө президенти Жалал Талабанинин айтканына караганда, маселени Борбордук шайлоо комиссиясы чечүүгө тийиш: "Бул маселе боюнча мен сот боло албайм, нааразы болууга ар бир тарап себеп же шылтоо таба алат. Бардык арыздарды карап, алар канчалык негиздүү экени тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүтүм чыгарууга тийиш", - деди президент. Борборшайлоокомдун айтымында, шийи уюмдары добуштардын 58 пайызын чогулткан, сунни уюмдарына болсо 18 гана пайыз добуш берилген.

XS
SM
MD
LG