Молдовалык “Регистру” мамлекеттик ишканасы Кыргызстан өкмөтүнө алынбай калган пайданын эсесин толтуруп беришин талап кылып эл аралык сотко арыз даярдап, 25 миллион евро акча доолай турганын маалым кылган. Жаңы маалымат технология ресурстары жана байланыш улуттук агенттигинин директору Амангелди Кенжетаевдин айтымында, мурдагы өнөктөш менен байланышты калыбына келтирүүгө молдовалык президенттин кыргызстандык кесиптеши К.Бакиевге телефон чалышы себеп болгон.
- Молдова президентинин кайрылуусу биздеги паспорт проблемасын кайрадан терең иликтеп чыгууга себеп болду. Эгер ушундай шарты болсо биз башка бир фирмага деле кайрылышыбыз мүмкүн болчу,- дейт Амангелди Кенжетаев.
Түштүк кореялык фирма биометриялык үлгүдөгү жаңы паспорт чыгаруу демилгесин көтөргөн болчу. А.Кенжетаев жаңы үлгүдөгү заманбап технологиядагы паспортторду “Венчур Си Энд Си Плаза” компаниясы деле жасай албайт дейт.
- Биометрия, чындап келсе биометриялык стандартка жакындашкан сапат түштүк кореялык компанияда деле жок.
Молдовалык мамлекеттик ишкана тарабынан чыгарылган 4 миңге жакын жаңы паспортко ээ болгон кыргыз жарандары дүйнөнүн биртоп жерлерине тоскоолдуксуз эле барып-келип жатышканын “Регистру” мамлекеттик ишканасынын оператору “Интел-Линкс жоопкерчилиги чектелген коомдун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жумадылов билдирди. Анын ырасташынча, азырынча кедей Кыргызстандын жарандары үчүн кымбат баа биометриялык паспортторду даярдоо кыйын. Ошол себептүү машине окуй ала турган жаңы паспортторду чыгарган эле туура.
- Азыркы учурдагы биздин экономикалык абалыбызды эске алганда биометриялык долбоорду ишке киргизүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Анын үстүнө эларалык биримдик да андайды талап кылбайт.
Молдовалык ишкана чыгарган жаңы паспорттор жер-жерлерге жөнөтүлө баштаганын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин паспорт-виза башкармалыгын жетекчиси Эркин Арапбаев маалымдады.
- Ажиотаж, кезек болгону. Өзүңүз билесиз, 2 – 3 жылдан бери паспорт жок. Паспорттук кризистен чыгыш үчүн пластик карточканы узарттык, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту узарттык. Элдин муктаж бөлүгү көп. Ошон үчүн кезектер дагыле болот. Аны азайтыш үчүн кечки сегизге чейин иштегиле деген буйрук даярдап жатабыз. Ага чейин күн узарып калат.
Түштүк кореялык компания менен кызматташуунун токтолушун Жаңы маалымат технология ресурстары жана байланыш улуттук агенттигинин аткаруучу директору Марат Бекенов мындайча маалымдады.
- Бул убактын ичинде биз түштүк кореялык компанияга жетиден ашуун талаптарыбызды жөнөттүк. Ага эки гана жооп алдык. Аны мен жанымда алып жүрөм. Анда “биз милдеттенмелерибизди аткарабыз, биз аракет кылабыз” деген жооптор бар. Бул кадыресе компания берчү жооппу?
Паспорт талашы дагыле уланууда. 25 миллион евро акчаны өкмөттөн өндүрүп аларын жарыя кылган “Регистру” өз ордуна кайрылып келди. Бул жакка жабдууларын алып келип, ишин баштаганы калган кореялык компания эларалык сотко кайрылабы же жокпу – аны азыр айта элек.