Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Нарындагы айрым шайлоо участокторунда нааразылыктар болууда


НАРЫН. Нарын районуна караштуу Дөбөлү шайлоо участогунда талапкер Абдраймакун уулу Жаныбек Нарын райондук шайлоо комиссиясына бюллетендерди кайра саноо боюнча арыз менен кайрылды. Анын себеби атаандашы Чыныбек Алымбаев экөөнүн ортосундагы айырма 16 добуш. Абдраймакун уулу Жеңишбектин жүзгө жетпеген талапкерлери шайлоо бүткөндөн бери Дөбөлү айылында нааразычылык билдирип чогулуп турушат. Себеби атаандашынын аялы ишенимдүү өкүл болуп шайлоо участогунда отурган. Көчмө жашикти бардык байкоочулар коштоп жүрбөгөндүктөн ал 21 добушту жараксыз деп табышкан. Каттоодо турган айрым айыл жашоочуларынын участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көбүшев Шерип бюллетень бербей койгон. Чогулгандар райондук шайлоо комиссиясынан жыйынтык чыкпаса, кайра шайлоо болбосо борбордук шайлоо комиссиясына чейин кайрылыша тургандыктарын билдиришти. Ал эми ушул районго тиешелүү Казанкуйган айылында мурдагы айыл өкмөт башчысы Садыров Турат менен Талипова Саламаттын ортосундагы айырма эки добуш. Саламат Талипова да бюллетендерди кайра саноо үчүн райондук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Райондук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 23-декабрда саат ондо жана саат он төрттө эки арыз каралат.

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 22-декабрда
Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Мелүүн жел жүрөт. Айрым аймактарда абанын жылуулугу +14 градуска чейин жетет.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +9...+14 градустун айланасында жылуу болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Нарын жергесинде түнкүсүн -19...-24, күндүз -5...-10 градус суук болот.
Бишкек шаары боюнча түнкүсүн -2...-4 градус суук, ал эми күндүз +9...+11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Эркин уулу жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG