Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Жапалакта талапкерлер шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.


ОШ. Шайлоодо экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген талапкерлер Акбаралы Батыров жана Бахтияр Кудайбердиев Жапалак айыл өкмөтүнүн үч шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын бузуу боюнча талаптар менен чыгышууда. Мындан сырткары аталган талапкерлердин жактоочулары жогоруда аталган үч шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын төрагаларын жана Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасын кызматтан алуу боюнча талаптарды коюушууда. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев жогоруда аталган үч шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир эте турган мыйзам бузуулар катталбагандыгын, болгону 295-шайлоо участкасында кетирилген айрым кемчиликтер үчүн төрагасы Кеңешбек Казаковго жана катчысы Ильяз Тажибаевга сөгүш берилгендигин билдирди.
Жапалак айыл өкмөтүндө өткөн шайлоодо Маматкадыр Маматеминов жеңүүчү деп табылган.

XS
SM
MD
LG