Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

К. Бакиев: Акаев доорундагылар дале бийликте дегендерге түшүнбөйм


21-декабрдагы конституциялык кенешемде сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров азыр деле мурдагы президент Аскар Акаевдин учурундагы ыкмалар колдонулуп жатканы, ошол эле өң тааныштар дале отурганы тууралуу пикирин айтты:

- Бүгүн залды карап отурсам баягы эле Акаевдин убагындагы өң тааныштар чогулуп алып, Акаев доорундагыдай биз чечип койдук, консенсуска келдик, эми ушуну парламентке берип, кабыл алдыра коелу дегендей ыкмадан чыга албай жатабыз.

Мындай пикирлер коомчулук арасында да көп айтылып келе жатканы белгилүү. Буга Президент К. Бакиев бүгүн жооп кайтарды.

- Ошол эле адамдар бийликте отурат дегендерге мен түшүнбөйм, Ак үйдүн жетинчи кабатындагылардан тарта баары алмашты. Акимдер, губернаторлор баары алмашты. Өкмөт өзгөрдү. Бирок эч ким фамилиясын ачык айтпайт. Фамилиясын айтпай эле трибунага чыкканда дагы эле Акаевдин айланасындагылар жүрөт дешет. Ким ошолор?..

Залдан: - Айтбаев, Айтбаев…

- Ошондой десеңер анан… түшүнүктүүрөк болот.

XS
SM
MD
LG