БИШКЕК. Акаевдердин үй бүлөсү башкарган 15 жыл ичинде Кыргызстанды жумушсуздук, жакырчылык каптап, коррупция, эки жүздүүлүккө белчесинен батты. Мындай мазмундагы билдирүүнү мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов 21-декабрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жасады.
Экс-президенттин жубайы Майрам Акаева 9-декабрда «Белый пароход» гезити аркылуу президент Курманбек Бакиевге ачык кат жолдогон. Анда президенттин үй-бүлөсү маалымат терроруна тушукканын белгилеп, президентти бул маселени калыс таразалоого чакырган. Дастан Сарыгулов, тескерисинче, Аксы окуясы, Кыргызстандын тышкы карызынын 2 миллиард долларга, ички карыздын 7 миллиард сомго чыгышы, Кыргызстандын аянтынын 97 гектарга азайышы, 25 миң баланын кароосуз калышы, 30 миң кыздын кулчулукка сатылышы өндүү фактылар Акаевдин, аялынын жана уул-кызынын абийиринде деп санайт. Башкы прокуратура тарабынан Акаевдин жакындарынын мүлкүнө байланыштуу ондогон кылмыш иш козголгон.