Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Рысбек Акматбаевге байланышкан сот отуруму ишин тездетүүдө


БИШКЕК. 1-май райондук соту ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыш боюнча башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө байланышкан ишти кароону 21-декабрда улантты. Бул күнү төрт күбө суралды. Алар - киши өлтүрүү учурунда пайдаланылды деп саналып жаткан автоунааны койгон автомобиль токтотуучу жайдын кызматкерлери. Бирок, күбөлөр мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, айыпталып жаткан Мамбеталиев Эркиндин кызыкчылыгында маалымат беришти. Күбөлөр мурдагы көрсөтмөлөрүн милиция кызматкерлери коркутуп, запкы көрсөтүп жаздырышкан деп билдиришти. Ал эми Чыныбек Алиевдин агасы Аскер Алиев, тескерисинче, айыпталып жаткан тарап күбөлөрдү коркутуп койгон болуу керек, ошондуктан, милиция кызматкерлери менен күбөлөрдү беттештирүү керек деп эсептөөдө. Чыныбек Алиев өткөн жылы 5-майда атып өлтүрүлгөн. Бул сот жараяны мындан тышкары дагы эки адамдын өлүмү боюнча ишти карайт. Ага Рысбек Акматбаев баштаган 9 адам шектелип, сотко катышып жатышат. Сот отуруму 22-декабрда улантылат.

XS
SM
MD
LG