БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев өлкөнүн конституциялык түзүлүшү боюнча референдум өткөрүү туралуу конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрүнүн сунуштарына макулдук берди. Бул тууралуу президент 21-декабрдагы конституциялык кеңешменин кезектеги жыйынында билдирди.
- Бизге башкаруунун кайсы түрү керек деген негизги маселени аныктоого биз бүгүн даяр эмеспиз. Кайсы башкаруу Кыргызстан үчүн натыйжалуу? Ушул башкы маселени аныктап албасак, биз конституцияны кайра-кайра өзгөртө беребиз.
Референдумга башкаруунун түрүн аныктоо биринчи маселе катарында коюлуп, өлкө калкына президенттик, президенттик-парламенттик же парламенттик башкарууну тандоо сунушталат.
Президенттен, депутаттардан жана соттордон кол тийбестикти алып салуу экинчи, сот системасын реформалоого байланышкан маселе үчүнчү болуп, референдумга коюлушу мүмкүн.
Конституциялык кенешме бул күнкү жыйын менен быйылкы жылдагы ишин аяктады.