Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Түркмөнстан президент Сапармурад Ниязов мамлекет башчылыгында турганынын 20 жылдыгын белгиледи


Бул мааракеге арналган иш чаралар Ашхабадда жана облус борборлорунда өттү. 1985-жылдын 21-декабрында андагы КПСС БКнын чечими менен Түркмөнстан Министрлер кеңешин ошол кездеги төрагасы, 45 жаштагы Сапармурад Ниязов республиканын биринчи катчылыгына дайындалган. Ал эми 1990-жылдын октябрь айында президенттикке шайланган болчу. Кийинчерээк ал президенттик кызматта мөөнөтсүз турууга укук алды. Итар Тасс агенттигинин кабарына караганда, бүгүн өкмөт мүчөлөрү, коомчулуктун өкүлдөрү Ашхабаддан 20 чакырым аралыкта, президент Ниязовдун туулган айлында Түркмөнбашы атындагы мечите болушуп, президенттин жакын туугандарынын ошол жердеги мүрзөсүнө гүл чамбарларды коюшту.


Эл аралык жаңылыктарды Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG