Дума бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзамды өткөн айда биринчи окуудан жактырган. Бирок жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын, чет өлкөлүк өкмөттөрдүн сынынан соң президент Путин мыйзамдын кээ бир жоболорун жумшарткан өзгөртүүлөрдү сунуш кылган эле. Маселен эң биринчи долбоордо чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын Орусиядагы бөлүмдөрүнөн да өзүнчө юридикалык жак катары катталуу талап кылынган. Бейөкмөт уюмдардын пикиринде, киргизилген өзгөртүү, толуктоолорго карабай мыйзам катаал бойдон калууда.
Орусиянын Мамлекеттик думасы бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамды экинчи окуудан кабыл алды