Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Астананын соту оппозициячыл партиянын арызын канааттандырган жок


Оппозициячыл манайдагы "Нагыз Ак жол" партиясы шаардык соту Юстиция министрлигинин партияны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган эле. Бирок сот арызды канааттандырган жок. Партия өз билдирүүсүндө шаардык сотун чечимин "мыйзамсыз жана антиконституциялык" деп баалады. Мунун аралыгында Казакстандын түштүк борбору- Алматынын экономикалык соту "Жума Таймс" деп аталган оппозициячыл гезиттин ишин убактылуу токтоткон. Бул тууралуу бүнгүн "Азаттык" радиосуна басылманын баш редактору Бактыгул Макимбай билдирди. Жакындагы президенттик шайлоонун алдында жана андан кийин казак бийликтери аталган басылманын нускаларын кеминде үч ирээт конфискациялаган болчу.

XS
SM
MD
LG