ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57

Хабаровск шаары уу зат куюлган суунун келишин күтүүдө

Муну утурлай шаар тургундары ичүүчү суунун корун топтошууда. Мындай аракеттер өткөн айда Кытайда химиялык заводдо болгон авариядан улам сууга куюлуп кеткен уулуу бензол заты Амур дарыясы аркылуу шаардын чегине жакындап калганына байланыштуу. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болжолуна караганда, ал уулуу зат шаарга жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн түндө жетет. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министр Сергей Шойгу кабарчыларга буларды билдирди:

-Коопсуздук чаралары көрүлдү. Сууда уулуу заттын концентрациясы нормадагыдан жогору экенин жана ал адамдардын өмүрү менен ден-соолугуна коркунуч келтирерин байкасак эле, албетте, ошол чараларды ишке киргизебиз. Азыр чыпкалар, лабороториялар иштеп жатат, суунун үлгүлөрү эки саат сайын текшерилүүдө. Биздин маскат - өзгөчө кырдаалга жол бербөө.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча министр кошумчалагандай, Хабаровскиге цицтерналар менен 58 миң кубометр суу жеткирилди. Ошондой эле шаардын суу түтүктөрүн уулуу бензол заты менен булганган суудан коргоочу эки дамбанын курулушу аяктады.
​
XS
SM
MD
LG