Сот жараяндын буга чейинки отурумунда Саддам ага келүүдөн баш таркан эле, бирок ал жети шериги менен бүгүн сот залында болду. Саддам Хусеин жана анын режиминин мурдагы жети өкүлү 1982-жылы Дужеил деген шаарда мурдагы президенттин өмүрүнө кол салуу аракетинен соң 140тан ашуун шийиттин өмүрүн кыйганы үчүн айыпталууда. Бүгүн сотто айыптоочу тараптын күбөсү ачык көрсөтмө берди. Буга чейинки отурумдарда айрым күбөлөр коопсуздук жүйөөсүнөн улам көшөгө артынан сүйлөшкөн эле. Саддамдын өзү болсо соттун бүгүнкү отурумунда америкалык түрмөдө кыйноого алынганын, денесинде ошол тактар азыр да бар экенин билдирди. Бирок өзүн ким токмоктогонун айткан жок.