Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Бириккен Улуттардын жетекчиси журналистти катуу какты.


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү Нью-Йорк шаарында журналисттер менен жолугуп, 2005-жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатканда, британиялык журналист Жеймс Боун ага Бириккен Улуттардагы коррупция тууралуу суроо бергенде, Аннан аны катуу какты: "Менин оюмча, сиздин бул жердеги жүрүм-турумуңуз жакшы эмес, токтотуңуз. Уксаңыз, Жеймс Боун, көптөгөн айдан бери сиз бул жерде жашы өтүп кеткен мектеп окуучудай болуп жүрөсүз. Сиз башка журналисттерди дагы, өз кесибиңизди дагы мазактап жатасыз, аныңызды токтотуңуз," - деди Аннан. Бириккен Улуттар Иракта жүргүзгөн программалардын алкагында миллиондогон доллар уурдалганы быйыл ачыкка чыкты жана бир нече жогорку кызматкер жумуштан кетүүгө аргасыз болду, тергөө болсо улантылууда.

Эл аралык жаңылыктарды Нарын Айып даярдады

XS
SM
MD
LG