Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Жалалабад облусунда куш тумоосуна каршы чаралар көрүлүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун ветеринардык башкармасынын кызматкерлери облус менен район, шаарлардын базарларына келип түшкөн тоок эттери менен жумурткаларын, үй канаттууларын күн сайын текшерүүдө. Куш эттери жана жумурткалар менен облус борборун камсыздоочу төрт фирма окшош документтерди пайдаланары анык болду. Үй канаттууларынын эки түрдүү чума ылаңына каршы айыл кыштактардан беш жүз миңге жакын тоок жана күп эмделди. 22-декабрда ушундай маалымат берген ветеринардык башкарманын кошумча билдирүүсүнө ылайык куш тумоосу жайылган Түштүк Азия өлкөлөрүнөн учуп келүүчү күтүлгөн куштардын убактылуу жайлары аныкталган. Текшерүү көзөмөл иштерине чегара да, ветеринардык карантин бекеттери да тартылган. Облустун санитардык кызматы оорунун чыгуу, жайылуу, кеселдин алдын алуу боюнча атайын машыгууларды өткөргөн.



Аба ырайы

БИШКЕК. 23-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Чыгыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +10...+15 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +9...+14 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +10...+15 градус жылуу болот.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
Тоолуу Нарын облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -5...-10 градус суук.

Борборубуз Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн -1 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз +13...+15 градустун айланасында жылыйт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.



Кыргызстандагы жаңылыктарды Шайырбек Эркин уулу, Бурулкан Сарыгулова жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG