Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

2006-жыл үчүн акциз салыгынын ченемдери аныкталды

БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 22-декабрдагы отурумунда «2006-жыл үчүн акциз салыктарынын ченемдери жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, бюджет комитетинин чечимдерин эске алуу менен кабыл алды. Бул долбоордо спирт ичимдиктерине, күйүүчү-майлоочу майга, тамекинин бардык түрлөрүнө, алтындан, платинадан жасалган зергер буюмдарга, тери, булгаары буюмдарга акциз салыктарынын өлчөмдөрү белгиленген. Каржы министрлигинин сунушу боюнча долбоорго күйүүчү-майлоочу майга акциз литрине 16 тыйын киргизилген. Бирок, депутаттар мындай кадам айыл-чарбага оор залакасын тийгизет деп эсептешип, сунушка каршы болушту. Ал эми спирт ичимдиктеринин бардык түрлөрүнө акциздик салык үчүн 21 сом чегерилди.
XS
SM
MD
LG