Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Аликбек Жекшенкулов Кытайда


БИШКЕК. Бул күндөрү Кытайда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов шаршембиде кытай тышкы иштер министри Ли Чжаосин, соода министри Юй Гуанчжоу, Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруучу катчысы Чжаен Дэгуан менен жолугушту. Анда кыргыз-кытай кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланып, инвестициялык жана соода-экономикалык долбоорлорду, тактап айтканда Кытай Эл Республикасына электр кубатын экспорттоо, Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун бүтүрүүнү тездетүү, мындан сырткары Кытайдын жогорку окуу жайларында кыргызстандык жаштарга берилген орунду көбөйтүү, Кытай абактарындагы кыргыз атуулдарынын жазасын жеңилдетүү сыяктуу маселелер каралды. Сүйлөшүү сонунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда келерки жылдагы кызматташтык тууралуу программага кол коюлду. Ал эми кытай соода министри кыргыз тышкы иштер министрлигине техникалык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганын билдирди. 22-декабрда Аликбек Жекшенкулов кытайдын темир жол министри Лу Дунфу менен жолугушту. Анда кытай министри Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдгын айтып, ал Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу 11-беш жылдык планына киргизилгенин, долбоорду баштоону тездетүүгө үчүн үч тарап тең биргелешип аракеттенүү керектигин белгиледи. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен 22-декабрда кабарлашты.

XS
SM
MD
LG