Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Депутаттар мунайдын чет өлкөгө сатылышына каршы


БИШКЕК. «Кыргыз петролеум» компаниясы менен кызматташтыкка байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн демилгеси астында тармактык комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов билдирди. Мындай билдирүүнү ал депутаттардын суроолоруна ылайык жасады. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын өзүнө мунай жетишсиз болуп жатканда Канадалык бул компаниянын ортомчулугу менен аны тышка сатуунун кереги жок деп санашууда. Кыргызстан Ооганстанга Кочкоратадагы мунай иштетүүчү ишканадан 2004-жылы 5 миң тонна, 2005-жылдын 11 айында 13 миң тонна мунай саткан. Мындай көрүнүштү Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбейт деп эсептеген Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов өңдүү депутаттар бул компаниянын мунайды тышка сатуу ишмердүүлүгүн токтотууну өкмөттөн талап кылышты. Депутат Улукбек Ормонов өкмөттү компанияны коргоп жатат деп сындады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG