Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Европа Биримдиги Кыргызстанды өлүм жазасын алып салууга чакырды


БИШКЕК. Германия Федеративдик республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда, Европа Биримдигинин туруктуу кеңеши 16-декабрдагы отурумунда өлүм жазасына жыл сайын жарыяланып келаткан мораторийди биротоло алып салууну Кыргызстанга сунуштады. Жыл сайын киргизилген мораторийлерге ылайык өлкөдө 1998-жылдан бери өлүм жазасы аткарыла элек. Ал эми Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбооруна өлүм жазасын алып салуу жөнүндө жобо киргизилген. Өлүм жазасын алып салууга мораторий киргизүү тууралуу президенттин 2005-жыл үчүн чыгарган жардыгынын мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG