Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

17-июнь окуясы боюнча жума күнү эки иш каралмакчы


БИШКЕК. Бишкек гарнизондук аскер соту 17-июнь окуясына байланыштуу Ысыккөл облусундагы Жетиөгүз районунун тургуну Алымжан Рахимовдун ишин кароого жума күнү киришет. Бул тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму кабарлады. Ал эми 17-июндагы окуяны уюштургандардын бири катары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевге байланыштуу 1-май райондук соту карап жаткан иш күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу болбой калды.
17-июнда президенттикке талапкердигин коюу аракетин жасаган Урмат Барктабасовдун жактоочулары массалык акция уюштуруп, Өкмөт үйүнө кирип барышкан. Тартип коргоо кызматы аларды газ чачып, таркаткан. Бул иш кийинчерээк Коопсуздук кеңешинде талкууланып, бийликти күч менен басып алуу аракети катары бааланып, Урмат Барктабасовго жана Мукар Чолпонбаевге кылмыш иши козголгон. Бирок, Мукар Чолпонбаев мындай дооматты негизсиз деп четке кагууда.

XS
SM
MD
LG