Бразилиянын полициясы Марадона Рио-Де-Жанейродогу аэропортто коомдук тартипти бузганы үчүн кармалганын билдирди. Маалыматтарга караганда, аргентиналык атактуу футболист Бразилияда кайрымдуулук матчында ойноп кайра мекенине кайтып бараткан. Самолетко кечигип калган Марадона жолун тоскон полициячыларга каршылык көрсөтүп, асманга көтөрүлгөнү калган учакка өтүүгө аракет кылган.
Эл аралык жаңылыктарды Венера Сагындык кызы даярдады
Эл аралык жаңылыктарды Венера Сагындык кызы даярдады