Кытайдагы дарыядан баш алган химиялык зат менен булганган суу Орусиянын Хабаровск крайына агып жетти. Чөлкөмдүн бийлик өкүлдөрү азырынча суудагы бензолдун деңгээли адам өмүрүнө коркунуч келтирчү чекке жете элек деп билдиришти. Алардын айтымында, Кытайдагы Сунгари дарыясын каптаган химиялык уулуу заттын негизги толкуну Орусияга дагы 4-5 күндө жетет. 580 миңдей жашоочусу бар Хабаровск шаары таза сууну башка булактан алуу жагынан алдын-ала камсыздалган.