Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк кечээ күнү билдиргенге караганда, Орусиядан алынган табигый газдын баасы боюнча Маскөө менен өтүп жаткан сүйлөшүүдө Севастопол шаарында жайгашкан Орусиянын Кара деңиз флоту төлөгөн ижара маселесин көтөрбөш керек. Маскөө газдын баасын 2006-жылдан тартып төрт эсеге көбөйтүүнү талап кылууда жана жакында айрым украиналык саясатчылар ижара баасын дагы көтөрүш керек деп чыккан. Тарасюктун айтымында, сүйлөшүүнү кызуу кандыкка алдырбай улантыш керек.