Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Нью-Йорктогу иш таштоо аяктады


Нью-Йорк шаарында үч күнгө уланган унаа кызматкерлеринин иш таштоосун кечээ күнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Үч күн бою шаарда метро, автобус жана башка унаа кызматтары иштеген жок. Айрым маалыматтар боюнча, профсоюз менен шаар жетекчилиги ортосунда сүйлөшүү болуп, алар мунасага келди. Бирок коомго кызмат кылган уюмдарга иш таштоого тыюу салынгандыктан, сот унаа профсоюзун айып төлөөгө кести. Алар иш таштоонун ар бир күнү үчүн бир миллион доллардан төлөйт.

XS
SM
MD
LG