БИШКЕК. 23-декабрда БГУда ректордук кызматка шайлоо өткөрүлүп, ага окуу жайдын 417 мугалими катышып добуш беришти. Белгилүү себептер менен 11 мугалим катышкан жок. Мугалимдердин көпчүлүк добушуна, тактап айтканда 259 добушка ээ болгон филология илимдеринин доктору Абдылла Мусаев ректор болуп шайланды. Ал буга чейин аталган окуу жайда Үзгүлтүксүз окутуу институнун директору болуп иштеп келген. Ректорлукка талапкерлигин койгондо ээлеген кызматынан бошотулган. БГУда ректорду шайлоого окуу жайдын мурдагы ректору Жолборс Жоробеков, Жанат Жаманкулов жана Абдылла Мусаев талапкерлигин койгон.