БИШКЕК. 23-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук универстинин ректору, профессор Ишенгүл Болжурова Япониянын Кокусикан университенин Азия 21-кылымда факультетинин деканы Кеничи Сато менен жолугушту. Япон окумуштуусунун Кыргызстанга келгенин башкы себеби, 2006-жылдан баштап Улуттук университеттин базасында Кокусикан университинин филиалын жана магистратура ачуу. Ошондой эле Кенси Сато “Азия Япония илим изилдөө борборун” Улуттук университетте ачуу боюнча сунуш киргизип, профессор Ишенгүл Болжурованы Токиодогу Кокусикан университетинде өтүүчү симпозиумга чакырган. Анда Болжурова Борбордук азиядагы майда мамлекеттердин проблемалары боюнча доклад жасашы күтүлүүдө. Кыргыз Улуттук университети Кокусикан университети менен кызматташкан биринчи окуу жайы. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбүбү Ашымбаева билдирди.