БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү казакстандыктарга мейманканаларды курууга көл жээктен жердин берилиши экономикалык жактан өзүн актагандыктан улуттук кызыкчылыктарга кайчы келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы маалымат таратты. Анда бул пансионаттарга караштуу жер участоктору казак тарапка 49 жылга ижарага берилгендиги айтылган. Премьер-министр Феликс Кулов Тараз шаарында Казакстандын өкмөт башчысы Даниал Ахметов менен жолугушканда көл жээгиндеги төрт панисонатты Казакстанга берүү чечими кабыл алынган. Совет убагында курулган казактарга тиешелүү “Автомобилист”, “Самал”, “Казакстан” жана “Уинверситет” пансионаттары келишим боюнча жыл бою иштеп, ар бири өз базасында 3-4 жылдыздуу мейманкана курушу керек. Бул мейманканалардын курулушуна жана тейлөөсүнө кыргызстандык атуулдар жумушка алынууга тийиш, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.