БИШКЕК. Арадан 9 ай өтсө дагы 24-марттагы окуяга саясий баа берилген жок, бирок бул окуяны төңкөрүш деп атагандарга кошулбайм, аны элдик революция деп билем. Мындай оюн депутат Азимбек Бекназаров алтынчы элдик курултайда билдирди. Бирок депутаттын пикиринде, революциядан кийин революциялык комитет түзүлүп, убактылуу өкмөт түзүлгөндө революциянын максаттары ишке ашмак. Бүгүнкү күндө президент Курманбек Бакиев революцияны чогуу жасаган лидерлердин эмес, көмүскө бир саясий күчтөрдүн таасирине алдырууда, дейт Азимбек Бекназаров.
Курултайга мейман катары чакырылган “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Ишенбай Абдуразаков «Азаттыкка» мындай оюн билдирди:
- Бул революция да эмес, төңкөрүш да эмес. Президент качып кеткенде гана айла жок бир топтун ордуна башка топ келип калды. 24-мартта өкмөт үйүн алгандарда жада калса өлкөнү андан ары башкаруунун программасы да жок болчу.
Курултайга региондордон келген делегаттар күткөн үмүттөр акталбаса, экинчи революция жасайбыз деген ойлорун айтышты. «Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын лидери Жыпар Жекшеевдин пикиринде, дагы бир ыңкылапты Кыргызстан көтөрө албайт, бийлик дагы, оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр да бири-бирине кол сунуп иштешкени оң.