БИШКЕК. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жогорку мамлекеттик кызматтарда кылмыш иш козголгон адамдар да иштеп атат деп билдирди:
- Жогорку эшалондо дагы эле иштеп атышат. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго кылмыш иши козголгон. Турдумамбетов мыйзамсыз менчиктештирүүлөргө кол койгон киши. 24-марттагы ак шапкечендерге тамак ташып, калкан жасатып берген кишилер Бишкекте мэр, вице-мэр болуп отурушат.
Азимбек Бекназаровдун пикиринде, ал баш прокурор кезинде козголгон кылмыш иштер учурда туңгуюкка кептелип, айрымдары соттон кайра чакыртылууда. “БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев акталса, Аксы окуясы боюнча тергөө да башка өңүткө бурулууда”, дейт Азимбек Бекназаров. Аталган курултайда сөз сүйлөгөн делегаттардын көбү азыркы бийликтин кадр саясатына нааразылык айтып, Аскар Акаевдин тушундагы кадрлар отурат деген сындар айтылды. Билим берүү министри Досбол Нур уулу болсо «Азаттыкка» мындай ойлорго кошулбастыгын айтып, мурдагы бийликте иштеген деп куугунтуктаган болбойт, деген оюн билдирди.