БИШКЕК. 24-март Кыргызстанда элдик революциянын күнү катары майрамдалышы керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 24-декабрда Бишкекте өткөн 6-элдик курултайда билдирди. Депутаттын айтымында, жакында ал бул тууралуу мыйзам долбоорун жана бул күндү эмгек кодексине майрам катары киргизген өзгөртүүнү парламентке сунуштайт. Бул курултайда 24-марттагы окуянын жыйынтыктары, ошондой эле конституциялык реформа өңдүү саясий башкы маселелер талкууланды. Алтынчы элдик курултай Азимбек Бекназаров жана Роза Отунбаева жетектеген «Кыргызстан» элдик кыймылынын демилгеси менен өттү. Ага президент Курманбек Бакиев чакырылган, бирок келген жок. Курултайга 300дөй делегат, саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. Аткаруу бийлигинен коргоо министри Исмаил Исаков, билим берүү, илим министри Досбол Нур уулу келди, бирок сөз сүйлөшкөн жок.