Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Ош облустук бийлигинин имаратында жардыруу болду


ОШ. Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев жумуш убактысы аяктайын деп калган убакта кулакты тундурган катуу жардыруу болуп, имараттын биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттарынын көпчүлүк бөлмөлөрүнүн терезелери күбүлүп түшүп калгандыгын билдирди. Учурда коргоо министрлигинин түштүк аскерлер тобунун саперлору жардыруу болгон имараттын тилкесинде иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Административдик имарат облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курчалып турат. Адис-эксперттердин айтымында жардыруу жыйындар залы жайгашкан бөлмөлөрдүн биринен чыккан. Кандай жардыруучу зат колдонулгандыгы, кандай себептерден улам жардыруу болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолорго ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринен тилекке каршы жооп ала алган жокпуз.

XS
SM
MD
LG