Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

“Манас-улуттун улуу руху” майрамдык зоок өткөрүлдү


БИШКЕК. 25-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Манас-улуттун улуу руху” аттуу жаңы жылга карата майрамдык зоок өткөрүлдү. Анда Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кыргыз элинин каада-салттары, үрп адаттары унутулуп бараткандыгына токтолуп, аны кайра жандандыруу, руханий баалуулуктарды арттыруу багытында мамлекет тарабынан бардык күч аракеттер жумшаларын билдирди. Белгилүү жаш манасчылар Рысбай Ысаков, Дөөлөтбек Сыдыков жана Улан Ысмаилов өнөрлөрүн тартуулап, аларды төкмө акындар, ырчылар коштоду. Бул маданий иш-чараны “Манас мурас”, “Теңир ордо”, “Айтыш” коомдук корлору уюштурган.

XS
SM
MD
LG