Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Бишкектеги католиктер Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти


БИШКЕК. 25-декабрда бүткүл дүйнө жүзүндөгү католиктер Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул күнү Бишкектеги католиктердин жалгыз Михаил Архангел чиркөөсүндө да диний ырым-жырым өткөрүлдү. Учурда Кыргызстанда канча католик дининдегилер бар экендиги тууралуу так маалымат жок. Михаил Архангел чиркөөсүнүн башчысынын айтымында, аталган католиктердин чиркөөсүнө бир миңден ашуун католик христиандары келип сыйынышат.
Ал эми православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн эски юлиан жылнаамасы менен 7-январда белгилешет. 1582-жылы католиктердин папасы Григорий ХIII жаңы жылнаама киргизип, ошондон тартып католиктер Христиан дининин бардык майрамдарын 13 күн эрте белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG