Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Аксылыктар президентке кайрылуу жолдошот


БИШКЕК. 25-декабрда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда өткөн жыйында аксылыктар Аманбек Карыпкулов, Темирбек Акматалиев, Болот Жанузаков, Зоотбек Кудайбергенов, Советбек Абышкаев, Шермамат Осмонов өңдүү Аксы трагедиясына тиешеси бар ошол кездеги мамлекеттик кызматтагы адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп жоопко тарттыруу, экс-президент Аскар Акаевден кол тийбеститикти алып салуу боюнча президентке жана башкы прокурорго дүйшөмбү күнү кайрылуу жолдой турган болушту. Алар материалдык компенцация эмес, акыйкаттуулукту талап кылышарын билдиришти. Апрель айында Бишкек мэриясына Аксы трагедиясында курман болгондорго шаардын борбордук жеринде эстелик орнотуу тууралуу кат жолдошкон. Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Кошоев аксылыктардын талаптары менен макул экендигин айтып, бирок аксылыктардын “мыйзам жолу менен чечилбесе, аталган адамдарга күч колдонобуз” деген пикирине каршы экендигин билдирди. Талкуу учурунда Аксы окуясында атылган октон жаракат алышкан Анаралы Назарбеков менен Абдыгул Садыров күнөөлүү адамдарды мамлекет жоопко тартпаса өзүбүз эле эсептешип коебуз деген пикирин айтышкан.

XS
SM
MD
LG