Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Ош облустук администрация имаратынын жардыруу себептери иликтенип жатат


ОШ. “Азаттык” радиосуна билдирген губернатордун пресс-катчысы Алишер Токсонбаев иликтөө иштеринин жүрүшүндө жарылуунун очогу болгон жыйындар залынын башындагы бөлмөлөрдөн кыйрап, талкаланган таштандылардын арасынан жарылуучу заттын калдыктары же башка күмөндүү буюмдар табылбай жаткандыгын кабарлады. Учурда оперативдүү иликтөө иштерин улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Губернатордун пресс-катчысы Алишер Токсонбаев облустук мамлекеттик администрациясында иштеген адамдардын арасында жарылуу экинчи ирет кайталанышы мүмкүн деген кооптонуу сакталып тургандыгын айтуу менен иликтөө иштери бир жактуу болмоюн толук кандуу жумуш күнүн баштоо кыйын экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG